Петрашов Денис Евгеньевич — өмүр баяны

Денис Петрашов 2000-жылы 1-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн.
Sputnik
Атасы Евгений Петрашов сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу. Апасы Елена Петрашова жеке ишкер. Денис 16 жашында эл аралык класстагы спорт чебери болгон.
Жетишкендиктери :
2016 — Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышкан (өлкө спортунун тарыхындагы эң жаш олимпиадачы);
2018 — Буэнос-Айресте өткөн өспүрүмдөр арасындагы Олимпиадада 2-орун;
2019 — Дүйнөлүк чемпионатка катышып, Токио Олимпиадасына жолдомо алган;
2020 — Токил Олимпиадасынын катышуучусу;
2021 — Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль (100 м), эки коло медаль ээси (50 м жана 200 м);
2022 — Маккабин оюндарында эки алтын медаль алган (100 м жана 200 м);
2023 — АКШдагы ачык чемпионатта алтын медаль алган;
2023 — Япониядагы дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен Париж Олимпиадасына жолдомо алган;
2024 — АКШнын эл аралык турниринде алтын (100 м) жана күмүш (200 м) медаль ээси.
Медет кызы Айпери — өмүр баяны