Байден президенттик шайлоодон чыгып кете турган шарттарын атады

Ак үйдүн башчысы улгайган курак тартуулай турган нерсе — акылмандык деп эсептээрин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден эгерде дарыгерлер ден соолугунан көйгөй тапса президенттик шайлоого катышпай турганын BET телеканалына берген интервьюсунда айткан. Бул туурасында CBS News аталган маектен үзүндү алып бергенин РИА Новости жазды.
"Эгерде кандайдыр бир оору болсо, дарыгерлердин ичинен кимдир бирөө келип, сизде ушундай көйгөй бар деп айтса...", — деген Байден шайлоодон чыгып кетүү туурасында суроого жооп берип жатып.
Ак үйдүн башчысы улгайган курак тартуулай турган нерсе — акылмандык деп эсептээрин айткан.
Президент буга чейин анын ден соолугу кошумча текшерүүнү талап кылбастыгын, эгерде керек болсо медиктерге өзү барарын айткан эле.
Атаандашы Дональд Трамп менен дебатка чыгып жеңилип калгандан кийин демократтар арасында Байдендин ордуна башка талапкерди сунуштоо туурасындагы чакырыктар айтыла баштады. Партиянын августта өтө турчу съездинде теориялык жактан мындай мүмкүнчүлүк бар, бирок иш жүзүндө эгерде өзү эле баш тартпаса, саясий жарыштан аны четтетүү кыйыныраак болуп калат. Ал эми Байдендин өзүнүн бул өнөктүктө аягына чейин ат салышуу ниети бар. Анын Трамп менен экинчи дебаты 10-сентябрга пландалган.
АКШнын президентин шайлоо 5-ноябрда өтмөкчү.
ЖМК Байден кайсы учурда президенттик шайлоого катышуудан баш тартарын жазды