Айтургандын өлүмү боюнча иш козголуп, Башкы прокуратура көзөмөлгө алды

Маркумдун апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн да билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган орган билдирди.
Келиндин өлүмү боюнча 12-июлда Октябрь РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") боюнча иш козгогон.
Ведомство козголгон иштин алкагында өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтып, анын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилерин кабарлады.
Айтурган былтыр классташ баласына турмушка чыгып, жыл өтпөй Бишкектеги Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда түшкөн. Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирүүдө. Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат. Маркумдун апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн да билдирген.
Акыйкатчы суицид катталган Сокулуктагы камераны көрүп чыкты. Сүрөт