Акылбек Жапаров: алтындын кымбатташы кендерди иштетүүгө шарт түзүүдө

Жакынкы эки жумада экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча мындан аркы чаралардын топтомун иштеп чыгуу тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Алтындын кымбатташы көптөгөн алтын кендерибизди иштетүүгө шарт түзүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясына катышкан.
"Алтындын баасы дагы бир дүйнөлүк рекорд коюп, бир троя унциясы 2480 долларга жетти. Мурда анча рентабелдүү болбогон көптөгөн алтын кендерибизди иштетүү үчүн позитивдүү шарт түзүлүп жатат", — деген ал.
Өкмөт башчы жыл башынан бери баа 21 пайыздан ашык өскөнүн белгилеп, эл аралык аналитиктердин баамында алтынга болгон суроо-талаптын мындан ары да өсүшү күтүлүп жатканын билдирди.
"Бирок эң негизгиси алтындын баасынын жогорулашы Кумтөрдөгү өндүрүштүн төмөндөшүнүн таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет. Биз жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпин күчөтүп, капиталдык салымдарды көбөйтүшүбүз керек. Ири эл аралык долбоорлор болобу, орто биргелешкен долбоорлор болобу, келип жаткан чет элдик инвестицияларды жигердүү өздөштүрүшүбүз керек", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле жакынкы эки жумада экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча мындан аркы чаралардын топтомун иштеп чыгууну тапшырды.
УКМК: Жалал-Абадда кен иштеткендер экологияга 1,8 млрд. сом зыян келтирген