18-июлга карата аба ырайы

18-июлга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 18-июль, бейшембиде, республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын облусунда +23...+28 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күндүн табы +29...+31 градуска чамалап барса, Ош калаасында күн бүркөк болуп, +32...+34 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +25...+27 градус жылуу болору айтылды.
Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандан табылды