Алтай элдеринин генетикалык байланыштары

Sputnik
Кыргыз улутунун башка этностор менен болгон генетикалык байланышы биздин окумуштууларды ар дайым кызыктырып келген темалардын бири. Канчалык көп изилденбесин, ошончолук көп ачылбаган сырлары бардай сезилет.
Төбөбөз бир деген алтай элдери менен кыргыздардын этногенетикалык, этномаданий байланыштарын жеринен барып изилдеп келген академик Абылабек Асанканов “Кеменгер” уктуруусунун алкагында кызыктуу изилдөөлөр, илимий ачылыштар тууралуу кеп салды.