Мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай курулушун үлүштүк каржылоо механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу бөлүштүрүү, пайдалануу, өлкөнүн турак жай фондун көбөйтүү, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруу кандай жүрүүдө? Республиканын аймагында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапаты кандай көзөмөлдөнүп жатат? МИКтин уставдык капиталы канчага өстү? Донордук каражаттар, келишимдер кандай аткарылып жатат?
Ушул суроолорго Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева жооп берди.