Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте саат 15-00!Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта:
Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалдыЦРУнун мурдагы агенти НАТО дагы кайсы жерде согуш чыгарарын айттыСадыр Жапаров 10-15 жылдан кийин турак жай көйгөйү болбой турганын билдирди алдыда кененирээк
Эгер кабат үйлөрдүн курулушу бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин элде турак жай көйгөйү болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Журналист мамлекет башчынын көрүстөндөргө байланыштуу көйгөйлөрдү көтөргөнүнүн себебине кызыккан. Белгилей кетсек, мамлекет башчы мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы экенин, көрүстөн турган жерлер кийин колдонулушу керектигин айткан. "Капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын каражат бөлүп берип жатабыз. Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт", — деди өлкө башчы.Мамлекет башчы жыл сайын айдоо жер азайып бара жатканын белгилеп, муну азыртадан чечип баштабаса келечекте чоң маселе жараларын белгиледи.
Алымкадыр Бейшеналиев олимпиадалык курамдын дарыгерлерине медициналык баштыктарды тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, министр спортчулардын Париж Олимпиадасынын алдындагы жыйынтыктоочу машыгуусуна барып, спортчулар жана олимпиадалык курама команданын дарыгерлери менен жолугушкан. Анда Башкы дарыгер Сагындык Айтбаев жетектеген спорттук-реабилитациялык борбордун дарыгерлерине өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган медициналык баштыктар тапшырылган. Бейшеналиев спортчулар үчүн туура тамактануунун маанилүүлүгүн белгилеп, медиктерге олимпиадачылардын тамак-ашына көз салууну тапшырган. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Анда Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, кармалган адам алдамчылыкка шектелип жатат. Биринчи май райондук соту маалыматты тастыктап, ал ушул жылдын 11-августуна чейин камакка алынганын билдирди.
НАТО өзүнүн саясатын, түптөлүшүн актап, кезектеги согуш отун жандырууга кызыкдар болгондуктан Жакынкы Чыгышта жаңы кеңсесин ачты. Бул туурасында ЦРУнун отставкадагы агенти Ларри Жонсон ютубдагы каналдардын бирине берген интервьюсунда айтты. "НАТОнун Украинадагы миссиясы ийгиликсиз болуп калды. Ал аталган өлкө аркылуу согуш жүргүзүүгө аракет кылып, бирок утулду. Батыш мындай жыйынтыкка моюн сунду, андыктан НАТО жеңип алуу үчүн жаңы душмандарды издеп жатат", — деген эксперт. Жонсондун айтымында, Түндүк альянс жаңы согуш отун тутандыруу менен өзүнүн түптөлгөндүгүн акташы мүмкүн, дал ушул себептен улам блок Жакынкы Чыгышта да жайгашууга ниеттенип жатат. Альянстын мүчөлөрүнүн биргелешкен декларациясында НАТО түштүк тараптагы арышын күчтөндүрүп, Иорданиянын борбору Амманда кеңсесин ачып, Ирактын бийлиги менен ишин улантары айтылган.