Учурда өлкөдө газдаштыруу иштери кызуу жүрүүдө. Мындан 10 жыл мурун газдаштыруунун деңгээли 22 пайыз болсо, учурда бул көрсөткүч дээрлик эки эсе өсүп, 40 пайызга чыкты. "Газпром Кыргызстан" ишканасы 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүүнү убадалоодо. Өлкөдө газдаштыруу иштери кандай жүрүп жатат? Эмне көйгөйлөр, кандай жетишкендиктер бар?
Ушул жана башка суроолорго "Бишкек газ" ишканасынын жетекчисинин орун басары Ислам Абдикаров жооп берди.