Айкел – бул өткөндү эске салат. Эстелик куруу маданияты кыргыздарда байыркы кылымда эле болгон. Буга балбал таштар, күмбөздөр далил. Бишкек шаарында кыргыздын атактуу инсандарына арналып тургузулган эстеликтер көп. Аны менен катар чет өлкөлөрдө да бар. Бирок алардын таржымалы тууралуу жаштар биле бербейт, маалыматы жокко эсе. Эстелик, айкелдер кантип жасалат жана орнотулат? Ким көзөмөлдөйт? Бирдиктүү тартиби барбы? Аларды кароо иши кимдерге жүктөлгөн? Чет өлкөдөгү эстеликтерди кыргыздын эле скульпторлору жасайбы?
ушул суроолорго Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун доцентин милдетин аткаруучу Окутуучу Жанышбек Жамурзаев менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүүнүн башкы адиси Самат Абдураимов жооп берди.