Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктү "Достук" чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан."13 жүк ташуучу унаа менен келген гумжардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусун сел каптап 1000ден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, апаат төрт адамдын өмүрүн алып, дагы бирөө изделүүдө.
Ушул жылдын беш айында Кыргызстандан сыртка 205,6 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган.Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.Көрсөтүлгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топко аз. Анда сыртка 5 айда 245 миллион доллар которулган.Белгилей кетсек, тышка которулганга караганда Кыргызстанга сырттан көп каражат жөнөтүлөт. Маселен, январдан майга чейин өлкөгө дээрлик 1,2 миллиард доллар кирген.
Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт.Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ага катышуу үчүн учурда Кыргызстандын куржунунда 16 лицензия бар.
ЕЭК, Россиянын Бажы кызматы, Экономика министрлиги жана экспорттук борбору "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүү боюнча сынамык долбоорду презентациялады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.Иш-чарага улуттук "бирдиктүү терезе" механизмдерин өнүктүрүү долбоорун иштеп чыккан комиссиянын өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маморган жана бизнес өкүлдөрү катышты.Анда Россиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматтык-программалык инструменттеринин комплекси, "Деңиз порту" порталы жана "Жеке кабинеттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн компоненти" автоматташтырылган системасы, "Менин экспортум" санарип платформасынын иши көрсөтүлдү. "Пилоттук долбоор катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Алар бажы технологияларынын өнүгүүсү, соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, маморгандар менен бизнестин натыйжалуу кызматташуусу тууралуу кеп болуп жатканын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 30 тыйынга 1 евро 93 сом 5 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга