Алагөзов президент менен УКМК төрагасынын туугандарынын кармалышы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары кармалганын соцтармактагы баракчасы аркылуу тастыктады.
Ал компетенттүү органдар шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча расмий маалымат беришерин айтты.
"Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракеттерге баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет. Президент Садыр Жапаров ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат", — деди ал.
Буга чейин президенттин тууганы менен УКМК төрагасынын бажасы кармалган. Экөө тең алдамчылыкка шектелип жатат.
Бир кыздын өмүрүн алган тез татымдагы жарылуу. Жалал-Абадда үч киши кармалды