БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жарылуудан адам каза болгон тез татым түйүнүн мыйзамсыз орнотуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, калаа мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги менен айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталган.
"Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору И.К.Б., инспектор А.Т.А., түйүндүн ээси М.З.А. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
Эске салсак, 13-июлда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен сатуучу каза болгон. Мындан тышкары, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.