Трамп вице-президенттикке талапкер катары Вэнсти көрсөттү. Дайын-дареги

Талапкер миллиарддарды чапчыган аскердик жардамды сындап, Россия менен сүйлөшүүлөргө чакырып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Республикачылардын съездинде президенттикке расмий талапкер катары көрсөтүлгөн Дональд Трамп жеңишке жетсе, вице-президенттик орунга сенатор Жеймс Дэвид Вэнсти көрсөтөрүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Сенатор Вэнс эгерде Трамп мамлекеттин башына келип калса, Украинадагы чатакты аягына тезирээк чыгаруу үчүн Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирди. Саясатчы Трамптын администрация учурунда "бардыгы жакшы болоруна" убада берди.
Вэнс мурдараак Украинанын Россия менен чек арасын 1991-жылдарга келтирүү боюнча идеясы такыр эле болбогон кеп экендигин айткан эле.
Вице-президенттикке талапкер туурасында америкалык дипломат Жеймс Карден өзүнүн пикирин айткан.
"Тажрыйбасы жок, бирок акылдуу. Жеймс Дэвид Вэнсти президенттикке талапкер Дональд Трамп башкалардын ичинен "жакшыраак" деп өзүнө шерик катары тандаган адам", — деген ал.
Вэнс 39 жашта, үч баласы бар. Йель мектебин укук жаатында аяктаган. 2023-жылдын январында Сенатка шайланып келген.
Талапкер Украина чатагы боюнча көп чыгып, сүйлөп, миллиарддарды чапчыган аскердик жардамды сындап, Россия менен сүйлөшүүлөргө чакырып келет.
Кол салууга кабылган Трамп кулагы таңылып эл алдына чыкты. Видео