Радио

Чекирбаев: өлкөдө сүттүн баасы дүйнөлүк рыноктогудан эки эсе жогору

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев сүт багытын өнүктүрүүдө санариптештирүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда сүттүн майлуулугун текшерүү өтө оор, шаарлардагы ветеринардык лабораторияларга кайрылуу керек. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө сүт сектору санариптештирилип, сүттүн сапаты, майлуулугу программалар аркылуу автоматтык түрдө аныкталат.
"Сүттүн баасы кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында сүттүн майлуулугуна карап бекитилди. Эми майлуулугу төрт пайызды көрсөткөн чийки сүттү завод 40 сомдон сатып алат. Сүттүн баасы кышкыга караганда жайында арзан болот. Кышында тоют менен багылган малдын сүтүнүн майлуулугу өйдө келет. Жазында жайлоодон чөп жеп, cүттүн көлөмү көбөйөт. Бирок майлуулугу азаят. Баасы төмөн болуп калат. Мындан улам жыл сайын сүттү сатып алууда талаш-тартыш жаралат. Бул көйгөйдү чечүү кыйын. Мамлекет кайра иштетүүчү ишканаларга дотация берип, акча бөлсө гана чечсе болот. Тилекке каршы, мамлекетте андай каражат жок, мыйзамда каралган эмес. Бизде сүттүн баасы дүйнөлүк рынокко салыштырмалуу эки эсе жогору. Анда сүттүн орточо баасы 31 сом. Ал эми Россияда майлуулугу төрт пайыз чийки сүттүн баасы 27 сом. Беларуста 24 сом болсо, Украинада 17 сом. Эгерде сүттүн наркы дагы көтөрүлө берсе, өзүбүздүкүн эч ким албай калат. Эл аралык базарга ылайыкташ керек. Антпесе терс таасирин тийгизип, сүт сектору жоголуп кетиши ыктымал. Кыргыстанда бул тармак жакшы өнүккөн. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында сүттү кайра иштетүүчү заводдор бар. Бирок сүт секторун өнүктүрөбүз десек санариптешүү керек", — деди Чекирбаев.
Ал Кыргызстандын сүт азыктарын көбүнчө Казакстан жана Россия сатып аларын кошумчалады.