Радио

Үйдү үлүштүк эреже менен алгандарга да эми пенсиясынын топтомо бөлүгү берилет

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандарга мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүгө кандай өзгөрүүлөр киргенине токтолду.
Sputnik
Пенсияга топтомо компоненти 2010-жылы киргизилген. Анын Пенсиялык фонддун каражатынан айырмасы нак акча түрүндө калып, инвестиция алып келүүчү булактарга салынат. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, топтомо компонентинин өлчөмү эки пайызды түзөт.
"Пенсиянын топтомо бөлүгү Пенсиялык фонддун каражатынан айырмаланып иштеп турат. Ал баалуу кагаздарга, банктык депозиттерге салынат. Бул системада 1964-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн аялдар колдоно алат. Учурда пенсиянын ушул топтомо бөлүгү жарандардын айрым муктаждыктары үчүн кайтарылып келет. Буга чейин ипотекалык үй алууда берилсе, кийинчерээк коммерциялык банктар аркылуу алгандарга да кайтарыла баштаган. Андан соң жубайлардын бири ипотека алса, экинчисинин да пенсиялык топтомо компонентин которуп алуу мүмкүнчүлүгү ачылган. Учурда үлүштүк же болбосо пайлык эреже менен там алгандар да кайрылса болот. Каражат колдоруна берилбейт, түз тиешелүү мекемеге которулат", — деди Мукамбетов.
Ал, мындан сырткары, жарандыгын алмаштырып өлкөдөн көчүп чыгып кетип жатканда жана кымбат баалуу операция талап кылынган айрым илдеттерге чалдыккан жарандар да пенсиясынын топтомо бөлүгүн ала алышарын кошумчалады.