Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 18-22-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Коопсуздук эрежелери:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Күн катуу ысыйбы? Август айына карата аба ырайы