Лавров БУУдагы иштери боюнча Нью-Йоркко келди

Бүгүн министр көп тараптуу кызматташуу боюнча ачык дебаттарга катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркко келди. Ал 16-17-июлда аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинде министрлер деңгээлиндеги ачык дебатка төрагалык кылмакчы.
РИА Новости 1-июлдан тарта БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир ай ичиндеги төрагалык Россияга өткөнүн жазды.
Бүгүн Лавров көп тараптуу кызматташуу боюнча ачык дебаттарга катышмакчы. Эртең Жакынкы Чыгыштагы (Палестина маселесин кошкондо) кырдаал боюнча министрлердин деңгээлиндеги ачык дебаттарга төрагалык кылат.
Россиянын дипломатиялык ведомствосунан министрдин сапарынын программасын түзүп жаткандыктарын, бир катар мамлекеттер эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар болгондугун билдиришти.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Лавров менен Израиль өкүлү чарпыша кетти