Телефон саткан ишкерлерге аппараттарды каттатуунун маани-маңызы түшүндүрүлдү

Ишкерлер маморгандардын өкүлдүрүнөн түйшөлткөн суроолор боюнча жооп алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бажы кызматы, "Инмобайлс" компаниясынын өкүлдөрү менен ишкерлер бир аянтчада жолукту. Бул тууралуу жолугушуунун уюштурган УКМКдан билдиришти.
Ага "Береке", "Беш-Сары" жана "Айчүрөк" соода борборлорунда телефон саткан ишкерлер келген.
"Ишкерлер телефонду милдеттүү каттатууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканы айтылды. Мындан улам компетенттүү адистер тарабынан телефонду каттатуу аткезчилик, сапатсыз товарды сатуу сыяктуу тобокелдиктерди жок кылары түшүндүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ишкерлер маморгандардын өкүлдүрүнөн өздөрүн түйшөлткөн суроолор боюнча жоопторду алышкан. Мындан тышкары, "Инмобайлс" компаниясы жана маморгандар пайда болгон талаштуу жагдайларды биргелешип чечүүгө даяр экендиктерин кошумчалашты.
Эске салсак, өкмөт 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизген. Бул жасалма телефондорду колдонуудан коргоп, уурулук, телефон алдамчылыгы, террорчулук сыяктуу терс көрүнөштөр менен күрөшүүгө жардам кылары айтылган.
Радио
Адис: мобилдик телефондорду каттоо онлайн-алдамчылыкка бөгөт коёт