Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

Шектүүлөр телефон уурдоо боюнча кылмыш ишин оң жагына чечип берүүгө 160 миң сом сурашканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Милиция кызматкерлери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3

Милиция кызматкерлери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

2 / 3

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери лейтенант М.Б.А. жана капитан М.Б.Б. телефон уурдоо боюнча кылмыш ишти оң жагына чечип берүү үчүн 160 миң сом талап кылышкан

3 / 3

11-июлда алар жалпы сумманын 20 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 13-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери лейтенант М.Б.А. жана капитан М.Б.Б. телефон уурдоо боюнча кылмыш ишти оң жагына чечип берүү үчүн 160 миң сом талап кылышкан.
11-июлда алар жалпы сумманын 20 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 13-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
УКМК: Ошто майыптардан акча опузалаган мамлекеттик кызматкерлер аныкталды