Сариев: Кыргызстан менен Татарстандын кызматташуусу толук ишке ашырылбай жатат

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстан өз продукциясын Татарстанга экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Татарстан делегациясынын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында өткөн бизнес форумда билдирди.
Ал экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана текстиль жаатында Кыргызстандын олуттуу потенциалы бар экенин белгиледи.
"Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор жана программалар эки өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн маанилүү кыймылдаткычы боло алат. Ийгиликтүү кызматташтык үчүн экономикалык гана эмес, маданий байланыштар да керек. Тажрыйба алмашуу, билим берүү программалары жана маданий иш-чаралар кызматташууну чыңдоого жана анын жемиштүү болушуна жардам берет. Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын потенциалы толук ишке ашырылбай жатат", — деди Сариев.
Кыргызстанга Татарстандан атайын делегация келди