Январдан майга чейин Кыргызстандан сыртка 205 млн. доллар которулган

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акчанын сыртка агылып чыгуусу бир топ кыскарган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ушул жылдын беш айында Кыргызстандан сыртка 205,6 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган.
Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.
Көрсөтүлгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топко аз. Анда сыртка 5 айда 245 миллион доллар которулган.
Белгилей кетсек, тышка которулганга караганда Кыргызстанга сырттан көп каражат жөнөтүлөт. Маселен, январдан майга чейин өлкөгө дээрлик 1,2 миллиард доллар кирген.
ЕТӨФ Кыргызстан жана башка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы кандай өсөрүн көрсөттү