Селден жабыркагандар үчүн Ошко Өзбекстандан гумжардам келди

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүктү "Достук" чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан.
1 / 3

Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

2 / 3

Маалыматка ылайык, жүктү "Достук" чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан

3 / 3

13 жүк ташуучу унаа менен келген гумжардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар

"13 жүк ташуучу унаа менен келген гумжардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусун сел каптап 1000ден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, апаат төрт адамдын өмүрүн алып, дагы бирөө изделүүдө.
Акылбек Жапаров: Ак-Буура дарыясын тазалап, түбүн бетондобосо сел кайталанат