Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандан табылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Б.А. аттуу жарандын сөөгүн Анжияндагы сайдан өзбек куткаруучулары тапкан. Алар кыргыз тараптын суранычы менен издеп жаткан.
Белгилей кетсек, 14-июлда Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Натыйжада ташкын суу беш адамды агызып кеткен. Алардын төртөөнүн сөөгүн куткаруучулар буга чейин тапкан. Ал эми борбордук базардан суу алып кеткен аял изделип жаткан болчу.
Ошто сел аялды үч кызы менен агызып кетти