Татарстандын вице-премьери: Кыргызстандын инвестиция үчүн чоң потенциалы бар

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандын инвестиция үчүн эбегейсиз потенциалы бар. Бул тууралуу Татарстандын вице-премьери Василь Шайхразиев КРдеги бизнес-форумда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Татарстан менен көптөгөн багыттар боюнча кызматташат, жыйынтыгы жаман эмес.
"Кыргызстанда Россияны өз бизнесин андан ары өнүктүрүү үчүн аянтча катары караган ишкерлер бар. Россия менен Кыргызстандын президенттери, ошондой эле Татарстандын башчысы бардык маанилүү маселелер боюнча тыгыз байланышта болуп жатканы бизди кубандырат. Кыргызстандын инвестициялык потенциалы чоң", — деди Шайхразиев.
Сариев: Кыргызстан менен Татарстандын кызматташуусу толук ишке ашырылбай жатат