Мэрия Бишкектеги башкы жолдор качан жасалып бүтөрүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү жол оңдоо иштери качан бүтөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, мөөнөттөр тендер жарыяланганда белгиленген.
Төмөндө жол оңдоо иштеринин бүтө турган убактылары:
Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү 20-августка карата бүтөт;
Абдрахманов (Совет) көчөсүнүн Токомбаевден Жибек Жолуна чейинки бөлүгүн оңдоо иши 20-августка барат;
Чүй проспектисинин Манастан Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү 20-сентябрда бүтүшү керек. Бул жолду оңдоо иштери 18-июлда башталат;
Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейинки бөлүгү 10-15-октябрга чейин жасалмакчы. Мэрия бул жолдун туурасы кенен экенин эскертип, аба ырайы да эске алынганын айтты;
Бүгүн Юнусалиев көчөсү Сухэ Батордон Горькийге чейин жабылды. Качан оңдолуп бүтөрү белгисиз.
Горький көчөсүн Манас проспектисинен 7-Апрелге чейин жасоо да пландалууда. Мэрия мөөнөт белгиленгени менен иш графиктен алдыда жүрүп жатканын кошумчалады.
Бишкекте 18-июлдан тарта Чүй проспектисинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат