Кол салууга кабылган Трамп кулагы таңылып эл алдына чыкты. Видео

Республикачылар партиясы АКШнын президенттигине талапкер деп мурунку өлкө башчыны жарыялашты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти, жакында эле кол салууга кабылган Дональд Трамп кулагы таңылып, республикачылардын съездине келди.
РИА Новостинин кабарчысы Трамп делегаттардын алдына аны АКШнын президенттигине талапкер жарыялаганда чыккандыгын билдирди.
Эске салсак, 14-июлда коомчулук үчүн күтүүсүз окуя болгон. АКШнын мурдагы жетекчиси, күздө болчу кезектеги президенттик шайлоодогу негизги талапкерлердин бири Дональд Трампка кол салуу болгон. Пенсильванияда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатканда атылган ок анын кулагына тийген. Атайын кызмат кол салган кишини дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан ошол жердегилерден бир адам каза болуп, экөө оор жаракат алганы кабарланды.
Шектүү 20 жаштагы ошол жердик Томас Мэтью Крукс аттуу адам экенин айтышкан. Ал терс оюн ишке ашыруу үчүн сахна жайгашкан жерден 100 метрдей аралыкта, имараттын чатырында отурган.
Интернетке тарап кеткен видеодон аны кайтаргандар кулак тарабынан кан аккан Трампты калкалап алып кетип, атайын автоунаага отургузгандыгын көрүүгө болот.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.
Трампка кол салууга кимдин катыштыгы бар. Эксперттин пикири