"Бірлестік-2024": спорттук мелдештерде кыргыз жоокерлери 1-орунду алды. Видео

Казакстанда өтүп жаткан аскердик машыгууларда спорттук мелдештер дагы уюштурулганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Казакстандагы "Бірлестік-2024" ("Биримдик-2024") эл аралык аскердик машыгууга катышып жаткан кыргыз жоокерлери спорттук мелдештер боюнча командалык эсепте 1-орунду алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында кол күрөш, гиря көтөрүү, футбол, аркан тартыш жана "Багдар" сынагы (белгисиз аймакта картага ыңгайлашуу) уюштурулган. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аскерлери 1-орунду алган.
1 / 3

Казакстандагы "Бірлестік-2024" ("Биримдик-2024") эл аралык аскердик машыгууга катышып жаткан кыргыз жоокерлери спорттук мелдештер боюнча командалык эсепте 1-орунду алды

2 / 3

Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында кол күрөш, гиря көтөрүү, футбол, аркан тартыш жана "Багдар" сынагы (белгисиз аймакта картага ыңгайлашуу) уюштурулган. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аскерлери 1-орунду алган

3 / 3

Эске салсак, аталган иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан бери Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын деңиз зонасында өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат

Эске салсак, аталган иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан бери Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын деңиз зонасында өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат.
Машыгууга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыкчам тобу жана "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын 50гө жакын өздүк курамы катышууда.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстандагы машыгууга катышууда