Телефон алдамчыларын кантип аныктаса болот? ИИМдин кеңеши

Тартип сакчылары телефон шылуундары бат эле ишенимге кирип аларын эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги соңку маалда өлкөдө телефон алдамчылыгы күч алып жатканын айтып, алардан сактануунун жолдорун тизмектеди.
Шылуундар адатта түзмө-түз төлөө ыкмасы жөнүндө сүйлөшүүгө өтөт, банк картасынын толук реквизиттерин, жарактуулук мөөнөтүн жана кодун, телефонго келген кодду да сурайт;
Мындан тышкары, алар белгилүү уюмдун атынан чалып, ар кандай шылтоо менен жеке маалыматты алуу үчүн шилтемеге кирүүнү өтүнөт;
Банк же расмий каржы институттары эч убакта шилтеме менен SMS жөнөтпөйт;
Кээде шылуундар "компаниянын инженери болом, уюлдук байланышты текшерем" деп түрдүү сандарды терүүнү суранат. Мындай учурда дароо эле телефонуңузду өчүрүп койсоңуз болот.
Радио
Абдикаров: үйгө газды арзан киргизебиз деген шылуундар элди алдоодо