Акматалиев Эрназар Кубатбекович — өмүр баяны

Эрназар Акматалиев 1998-жылы 16-июлда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Үч-Нура айылында туулган.
Sputnik
Атасы Кубатбек Сыдыкбеков — грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу, апасы Алтын Мусаева — үй кожойкеси. Эрназардын бир тууган агасы Акназар Акматалиев грек-рим күрөшүнөн спорт чебери. Айбике аттуу эжеси, Анар жана Жанар аттуу эки карындашы бар.
Билими:
Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте билим алган;
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинде окуган.
Жетишкендиктери:
3-классында алгачкы ирет Нарын облусунун Кочкор районунун биринчилигинде расмий мелдешке чыккан;
2015 — Казакстанда кадеттер арасында өткөн Азия оюндарында II орун;
2018 — Күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатыда 2 орунду алган;
2019 — Күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан;
2021 — Украина жана Иранда өткөн эл аралык мелдештерде жеңүүчү;
2021 — Казакстандын Алматы шаарында олимпиадалык Азия мелдешин жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо алган;
2022 — эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта III орун;
2022 — эркин күрөш боюнча Кыргызстан чемпионатында I орун;
2023 — Египеттеги эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде алтын медаль алган;
2024 — Түркиядагы эл аралык турниринде алтын медаль алган.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, "Спорт чебери" наамынын ээси.