Бишкектеги Комсомол көлү таза суу менен толтурулду. Асмандан тартылган видео

Комсомол көлү Кара-Жыгач токоюнда жайгашкан. Буга чейин "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн тазалап, скважиналар менен канализация системасын калыбына келтиришкен.
Sputnik
Учурда "Бишкекасфальтсервис" көлдүн тегерегиндеги тротуарларга асфальт төшөп жатат.
Бул жасалма көл болгондуктан өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Буга чейин ага Чоң Чүй каналынан суу куюлуп келген. Бул ирет биринчи жолу скважинадагы таза суу колдонулуп жатат.
Көлгө түшүүгө качан уруксат берилери азырынча белгисиз.