Радио

Уролог: балдар арасында жыныстык мүчөнүн аномалиялары кездешип жатат

Уролог-андролог Болот Рысбаев жаш балдар арасында жыныс мүчөгө байланышкан аномалиялар көп болуп жатканын айтты.
Sputnik
Негизи эркек балага эки жаштан баштап көңүл буруу кажет. Анткени ушул куракта жыныстык мүчөлөрүнүн өсүшү, анын көлөмү жана мүчүлүштүктөрү билинет. Бул тууралуу Болот Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, заманга жараша балдарыбыз гаджетке байланып калды. Андыктан кыймылы да аз болуп, ушул нерсе да баланын жыныс мүчөсүнүн калыптанышына таасир этүүдө.
"Жыныстык мүчөдө ар кандай аномалиялар болушу мүмкүн. Заара чыгаруучу канал кайсы жагынан ачыларын да байкоо зарыл. Жумурткасы калтасына түшпөй же эки жумурткасы тең бирөөндө болуп калганы да аномалия болуп саналат. Ошол себептен адистерге убагында алып барып көргөзүп койгон оң. Азыр аймактарда урологдор жетишсиз. Уролог жок болсо хирургдарга көргөзүп, кандайдыр бир мандем байкалса урологго алып баруу сунушталат. Негизи жыныстык мүчөгө байланышкан мүчүлүштүктөр кичинесинде эле билинет. Ал 14 жашка чейин өсөт. Бирок айрым учурда баланын жашына туура келбей, өтө эле кичинекей болуп калышы мүмкүн. Ал эми жумуртка ордунда болбой калса, аны дары-дармек менен эле калыбына келтирсе болот. Үч айга чейин дарыланат. Эгер ал да жардам бербесе, анда хирургиялык жол менен түшүрөбүз. Баланын кыймыл-аракети, ичкен тамагы да буга таасир этет. Ашыкча салмак эркектин жыныстык гормону аталган тестостеронду азайтат", — деди Рысбаев.
Ддарыгер тестостерондун бөлүнүп чыгуу деңгээлин текшергенде эле кооптонууга негиздин бар-жогу билинерин кошумчалады.