24 жашында күйөөсү Дүйшөнкул Шопоковдон жана жалгыз уулунан айрылган Керимбүбү Шопокова

Sputnik
Керимбүбү Шопокова 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында кембагал адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Ал бир жашка чыкканда атасы, 13 жашка чыкканда энеси көз жумуп, тоголок жетим калат да аталаш тууганы Сарынын колунда өсөт. Керимбүбү Шопокова кыргыздар мурда эч өстүрүп көрбөгөн кызылча өстүрүп талаада иштеген. 1941-жылы өзүнчө колхоздук звено түзүп ага өзү башчылык кылып эмгектенуугө өткөн. Ал башкарган звено кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап алган. Кандуу согуштун каардуу жылдарында моралдык туруктуулугун жана жан аябастыктын үлгүсүн көрсөткөн эмгек адамы. Керимбүбү 24 жашында жалгыз уулун жоготкону аз келгенсип, жолдошу Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдон ажырайт.