Эки мүйүздүү жатын менен да дени сак бала төрөшүүдө

Sputnik
Кыздар арасындагы гинекология өтө аяр маселе. Анткени аялдын ден соолугунан улуттун саламаттыгы көз каранды. Мейманыбыз акушер-гинеколог Элнура Азимова жаш кыздардан жыты жагымсыз, өңү башкача суюктук келгени байкалса же цистит менен ооруса дароо дарыгерге алып келүү керектигин эскертет. Себеби ар кандай суук тийүүлөр кийин кыздын ден соолугуна, эне болуу бактысына таасирин тийгизип коёру шексиз. Ошондой эле учурда жаш кыздар этек кир келгенде абдан стресс болушат. Мында эненин ролу өзгөчө. Муну менен катар өтө оорутуп келсе да көйгөй жаратат. Ал эми эки мүйүздүү жатын, жетилбеген жатындын айырмачылыгы, өзгөчөлүгү тууралуу да маалымат берди.