Баңгиликке эркектер көбүрөөк чалдыгат. Буга адам кайгырганда, жашоосунда кыйынчылык болгондо жеңилдейин деп берилип кетиши мүмкүн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда баңгилик менен ооруган 6768 адам каттоодо турат. Баңги затын колдонгон өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Аны менен күрөшүүдө профилактикалык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алкоголдук ичимдиктерди жана баңги заттарды үзгүлтүксүз колдонуунун кесепеттери жөнүндө Данияров атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун психиатрия, психотерапия жана наркология боюнча кафедрасынын башчысы Сүйүтбек Назаркулов айтып берди.