ЕАЭБ өлкөлөрүнө Россиянын "бирдиктүү терезе" сынамык долбоору сунушталды

Бул долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктин 2025-жылга чейинки стратегиясына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. ЕЭК, Россиянын Бажы кызматы, Экономика министрлиги жана экспорттук борбору "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүү боюнча сынамык долбоорду презентациялады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чарага улуттук "бирдиктүү терезе" механизмдерин өнүктүрүү долбоорун иштеп чыккан комиссиянын өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маморган жана бизнес өкүлдөрү катышты.
Анда Россиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматтык-программалык инструменттеринин комплекси, "Деңиз порту" порталы жана "Жеке кабинеттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн компоненти" автоматташтырылган системасы, "Менин экспортум" санарип платформасынын иши көрсөтүлдү.
"Пилоттук долбоор катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Алар бажы технологияларынын өнүгүүсү, соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, маморгандар менен бизнестин натыйжалуу кызматташуусу тууралуу кеп болуп жатканын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы ЕЭК кеңеши "Стратегия — 2025ти" ишке ашыруунун механизмдерин аныктаган. Алардын ичинде маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн улуттук "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду көрсөтүүгө байланышкан иш-чаралар бар.
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жумушсуздуктун деңгээли. Инфографика