Ош менен Владивосток боордош шаар болду

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ош менен Владивосток боордош шаар болушканын Россиянын алыскы чыгыш калаасынын администрациясы билдирди.
Макулдашууга Красноярск шаарында өткөн россия-кыргыз аймактар аралык конференцияда Владивосток шаарынын мэринин орун басары Дарья Стегний менен Оштун вице-мэри Замир Юсупов кол койгон.
“Владивосток үчүн Ош Кыргызстандагы, дегеле Борбор Азиядагы биринчи боордош шаар болуп калды”, — деп айтылат маалыматта.
РФтин Кыргызстандагы элчиси Петербургдагы университеттин ректору менен жолукту