Туристтерди тейлөө багытын шаарларга бурсак, Кыргызстанда 2 миллиарддан 8 миллиард долларга чейин калат. Бул тууралуу Максат Чакиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бизге келген 800 миң туристтен 600-700 доллардан эсептегенде эле өлкөдө 4-5 миллиард доллар калышы керек эле.
"Учурда Европадан келген бир туристтен өлкөгө көп дегенде 500 доллар араң калат. Статистика боюнча орточо эсеп менен 300 доллар эле алабыз. Ал эми Стамбулга кыргыздар барса, бери жагы эле миң доллар калтырып келет. Европага 2-3 миң доллар жөн эле коротуп чыгабыз. Бизге келген 800 миң туристтин ар биринен 200-300 доллар, эң эле көбү 500 доллар калат. Көйгөйүбүз — арзан туризм. 1990-жылдары чет өлкөдөн келген эксперттер бизге атайын арзан туризм тармагын көрсөтүп берип коюшкан. Ошону менен "эко, этнотуризм менен жыргайбыз" деп жүрө бергенбиз. Бизге бир да бай, элиталык турист келбейт. Биздеги жалгыз туризмдин бай тармагы катары альпинизмди айтууга болот. Альпинисттер жабдык, гид жана башка тейлөөлөр үчүн жалпы 5-10 миң доллар таштайт. Бирок жылына ашып кетсе 1000-1500 эле альпинист келет. Ушундай акча алып келүүчү туризмди өнүктүрүү кажет. Бизде туристтерден котедждерге көп болсо бир түнөгөнүнө эң кымбат дегенде 5000 сом алат. Башка эч кандай тейлөө жок. Ал эми боз үйлөр тууралуу айтпай эле коёлу. Кемпинг деле 4000 сомдун тегерегинде болот. Ооба, бул тармактар деле өнүгө берсин. Бирок буга мамлекеттик деңгээлде саясий басым жасаганды токтотуу зарыл. Буларга лицензия же сертификат киргизели, статусун, кызмат көрсөтүү деңгээлин жогорулаталы. Абдан сонун гольф клубдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөр бар. Ошону менен катар бай туристтер үчүн шаарчаларды куруп, тосуп коюш керек. Европада, Дубайда байлар үчүн гана туристтик эс алуу жайлары, шаарчалар бар. Ал жакка кедейлер кире албайт. Булар элиталык туризмге басым жасашууда. Биз деле бай туристтерди тарта алабыз. Болгону багытыбыз туура эмес болуп калган. Туристтер көбүнчө акчаны дүкөндөргө, шаар ичиндеги ар кандай тейлөөлөргө коротушат. Ал эми жаратылыш койнунда баары бекер. Биз аларды жаратылыш көрсөтүүгө алып чыгабыз. Анан, албетте, канча акча менен келсе баарын үйүнө алып кетет", — деди Чакиев.
Ал туризм жаатында 1990-жылдарда калыптанган туура эмес багытта бара жатканыбызды кошумчалады.