Бишкектеги Панфилов атындагы Аскердик даңк музейи буздурулат. Себеби

Министрлик аталган музей 20 жылдан ашык авариялык абалда турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты тарыхый- маданий жана архитектура эстелиги тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта 2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган музейдин имараты жер титирөөгө туруктуу эмес деп классификацияланып, аны азыркы абалында пайдаланууга жол берилбейт деген корутунду чыкканы анык болгон.
“Мындан улам учурдагы имаратты бузуу жана курулуштун учурдагы талаптарына жооп берген заманбап сейсмикалык туруктуу имарат куруу сунушталган”, — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, 2024- жылдын 2-февралында музейдин экинчи кабатынан өрт чыккан. Анда да изилдөө жүргүзүлүп, имараттын дубалынан жарака кетип, зымдар күйгөнү, экинчи кабатта пол жарым-жартылай жок экени аныкталган.
“Жогоруда баяндалгандын негизинде тарых жана архитектура эстелиги болуп саналган Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты техникалык жактан жараксыз деп табылып, өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы токтому менен бекитилген республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен баалуулугун жоготту деп таанылды”, — деп маалымдады ведомство.
Министрлик бул музей 20 жылдан бери республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде болуп келгенин, бирок ал авариялык абалда болуп келгенин кошумчалады.
Аты өчпөс залкар... Геннадий Базаровдун эстелигинин ачылышы видеодо