Радио

Орто Азияда кыргыз сүрөтчүлөрү, скульпторлору жогору бааланат

Семен Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жетекчиси Болотбек Жунушов өлкөдө сүрөт искусствосуна жетишерлик көңүл бурулбай, сүрөтчүлөр бааланбай келерин айтты.
Sputnik
Орто Азияда кыргыз сүрөтчүлөрү, скульпторлору жогору бааланып, алардын эмгеги дайыма көңүл чордонунда болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз жаш сүрөтчүлөрү коомдогу орчундуу маселелерди көтөрүп, башкалардан эркин ою менен айырмаланат.
"Жалпылап алганда бизде сүрөткө көп маани бербей жүрүшөт. Сүрөтчү болгусу келген балдарга да бут тоскон учурлар абдан көп. "Сүрөтчү болуп кантип жан багасын?" дешет. Өлкөдө сүрөт искусствосуна жетишерлик көңүл бурулбай, сүрөтчүлөр бааланбай жатканы да ушундан болуп жатса керек. Бирок Орто Азияда кыргыз сүрөтчүлөрү, скульпторлору жогору бааланып, алардын эмгеги дайыма көңүл чордонунда болот. Биздин сүрөтчүлөрдүн талантына, эмгегине өзгөчө көңүл буруп, жада калса көбү таң калат. "Бул сүрөттү балдар эмес тажрыйбалуу сүрөтчү тарткан окшойт" деп ойлошот. Бизге дайыма чет өлкөдөн коноктор келип, абалыбыз менен танышып, таланттуу кыздарыбыздын, жигиттерибиздин эмгектерине таң берип кетишет", — деди Жунушов.
Ошондой эле ал Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын түптөлгөнүнө быйыл 85 жыл толуп, бир катар таланттуу өнөр ээлерин чыгарганын кошумчалады.