Мелания Трамп күйөөсүнө кол салуу болгондон кийин америкалыктарга кайрылды

Саясатчынын аялы АКШнын жашоочуларын жек көрүүчүлүк, заардан алыс болууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы лидери жана күздө болчу президенттик шайлоодогу талапкер Дональд Трамптын жубайы Мелания күйөөсүнө кол салуу болгондон кийин америкалыктарды биригүүгө чакырды. Бул туурасында кайрылуусун X социалдык тармагына жазды.
"Таң кайрадан агарды. Келгиле, биригели. Азыр", — деп жазган ал.
Саясатчынын аялы АКШнын жашоочуларын жек көрүүчүлүк, заар жана "өтө жөнөкөй идеялардан" жогору турууга чакырды.
"Урматтуу америкалыктар, мен силер туурасында ойлойм", — деген Мелания Трамп.
Эске салсак,14-июлда Республикачылардан АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трампка Пенсильвания штатында шайлоочулардын алдында сүйлөп жатканда кол салышкан. Ок кулагына тийип, кайтарып жүргөн кишилер аны иш-чарадан алып чыгып кетишкен. Саясатчынын өзүнүн айтымында, кансыраган. Медициналык текшерүдөн кийин оорукандан чыгарылган болчу.
Аткан кишини дароо жок кылышкан. 20 жаштагы ошол жердик Томас Мэтью Крукс аттуу адам терс оюн ишке ашыруу үчүн сахна жайгашкан жерден 100 метрдей аралыкта, имараттын чатырында отурган.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.
Байден АКШдагы саясий окуяларды басууга убакыт жеткенин белгиледи