Мэрия шаардыктарды чөп, таштанды өрттөбөөгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин этибарга албай кургак чөптөрдү жана башка тиричилик таштандыларын өрттөгөндөр административдик жоопкерчиликке тартылышууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, муниципалдык инспекторлор учурда рейд өткөрүп, чөп, тыюу салынган буюмдарды өрттөп жаткандарга айып пул салууда.
"Кургак чөптү өрттөө үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 500 сом айып пул салынат. Юридикалык жактар 23 000 сомго чейин айыпка жыгылат ", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312 597526 номерине чалууну өтүндү.
Радио
ӨКМ өкүлү: толук өчүрүлбөй калган от ири өрткө себеп болушу мүмкүн