Ысык-Көлдө жергиликтүү "ишкерлерден" кызыл китепке кирген канаттуулар алынды

Инспекторлор аларга жалпы 100 миң сом айып салып, канаттуулар Караколдогу реабилитациялык фондго өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 50гө чукул канаттуу "кулдуктан" куткарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Тактап айтканда, рейд учурунда жергиликтүү "ишкерлердин" 15 кызыл бүркүт (китепке кирген) жана 30дан ашык жырткыч куш туристтерди сүрөткө тартууда колдонгону аныкталган.
1 / 2

Ысык-Көл облусунда 50гө чукул канаттуу "кулдуктан" куткарылды

2 / 2

Тактап айтканда, рейд учурунда жергиликтүү "ишкерлердин" 15 кызыл бүркүт (китепке кирген) жана 30дан ашык жырткыч куш туристтерди сүрөткө тартууда колдонгону аныкталган

Инспекторлор аларга жалпы 100 миң сом айып салып, канаттуулар Караколдогу реабилитациялык фондго өткөрүп берилген.
Министрлик мындай иш-чара үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн эскертип, ушул сыяктуу жагдайга күбө болгондорду 108 ишеним телефонуна билдирүүнү өтүндү.
Радио
Мадиев: Кызыл китептеги жаныбарлардын тизмеси жаңыланат