Ысык-Көлдө "Ак-Мөөр fest – 2024" фестивалы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда "Ак-Мөөр fest – 2024" этно долбоору өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара 27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо саат 19:00дө башталат.
"Фестивалдын алкагында "Кылымдын кыйын кыздары" сыйлоо аземи, "Ак-Мөөр сулуусу — 2024" сынагы, улуттук колориттеги кийимдерди тиккен этно-дизайнерлердин таймашы уюштурулат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле фестиваль чоң программадагы гала-концерт менен коштолору кошумчаланган.
Нарында кыргыз салтын, маданиятын даңазалаган фестиваль өтүүдө. Сүрөт