Кыргызстанга Татарстандан атайын делегация келди

Республиканын өкүлдөрү бир нече жолугушуу өткөрүүгө жетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Татарстандан (РФ) иш сапары менен делегация келди. Бул тууралуу республиканын Өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.
Делегациянын курамына министрликтин жетекчисинин орун басары Герман Лернер кирген.
1 / 3

Кыргызстанга Татарстандан (РФ) иш сапары менен делегация келд

2 / 3

Делегациянын курамына министрликтин жетекчисинин орун басары Герман Лернер кирген

3 / 3

Сапардын максаты — Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү

“Сапардын максаты — Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү. Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов, Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев жана Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова менен жолугушуу болуп өттү. Нижнекамск облусу менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта.
Герман Лернер белгилегендей, Татарстан менен Кыргызстандын кызматташуусу РФ аймактарынын ичинен алдыңкылардан болуп келет.
“КамАЗ, “Татнефть”, “Эйдос” жана башка көптөгөн Татарстандын ишканалары Кыргызстан менен активдүү кызматташат. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылык 2021-жылдан бери дээрлик үч эсеге өстү”, — деди Лернер.
Радио
Кыргызстан Татарстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасайт