РФтин Кыргызстандагы элчиси Петербургдагы университеттин ректору менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин (СПМЭУ) ректору Игорь Максимцев менен жолугушту. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
"Тараптар Кыргызстандын илимий жана билим берүү уюмдары менен кызматташууну өнүктүрүү, Россиянын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен республикада кызматташуу, ошондой эле Кыргыз-Россия Славян университетин модернизациялоого көмөк көрсөтүү боюнча долбоорлор талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Сергей Вакунов дайындалды