Ошто сел агызып кеткен эки кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды

Ош облусунда болгон селде жоголгон адамдарды издөө  иштери
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ошто кечээ сел агызып кетип, изделип жаткан эки кыздын сөөгү Өзбекстандын Шахрихонсой суусунан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 19 жаштагы Н.М. жана 10 жаштагы Н.М. экени божомолдонууда. Алардын сөөктөрү Анжиян шаарынын өлүкканасына жеткирилгени кабарланды.
Последствия селей в Ошской области
Кечээ ташкын суу Төлөйкөн айылындагы "Мөл булак" эс алуу аймагынан бир үй-бүлөнү агызып кеткен. Алар 44 жаштагы Д. Н. аттуу аял жана анын 19 жаштагы М., 10 жаштагы М., 6 жаштагы С. аттуу кыздары болгон. Кечээ түндө 6 жаштагы кыздын сөөгү ушул сайдан коңшу өлкөнүн аймагынан табылып, кыргыз тарапка өткөрүп берилгени кабарланган. Бүгүн куткаруучулар Ак-Буура суусунан Катта-Терек тилкесинен 44 жаштагы аялды тапкан.
Учурда куткаруучулар базарды каптаган суу агызып кеткен дагы бир аялды издеп жатат.
Ош облусунун аймагындагы селдин кесепеттерин жоюуда атайын техникалар
Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору жабык