БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ошто сел агызып кеткендердин ичинен дагы бирөөнүн сөөгү табылганын ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ак-Буура дарыясы Катта-Терек аймагынан өткөн жерден (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин сөөгүн табышкан. Учурда анын ким экени такталууда.
Эске салсак, жамгырдан улам, Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Сел жалпы беш адамды агызып кеткен. Анын арасынан кечээ бир кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Учурда 350дөн ашык куткаруучу калган үчөөнү издеп жатышат.