Оштогу селден жабыркап медиктерге 9 адам кайрылган

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Оштогу селден кийин медициналык жардам үчүн тогуз адам кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын айрымдары ооруканага коркуп калганынан барса, кээ бири жеңил жаракат алган.
Дарыгерлерге көрүнгөн соң бардыгы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Эске салсак, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып, Ош шаарын сел каптаган. Натыйжада сел "Мөл булак" эс алуу аймагынан бир аял жана анын үч кызын алып кеткен. Бир кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Мындан тышкары, борбордук базардан дагы бир аял сууга агып кеткен. Бүгүн эки аял менен эки кызды 350дөн ашык куткаруучу издеп жатат. Алардын ичинде суучулдар, кинологдор дагы бар.
Ошто сел агызган 7 жаштагы кыздын сөөгү табылды, дагы төрт киши изделүүдө