Ак-Буурадан сөөгү табылган аялдын аты-жөнү такталды

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ошто сел алып кетип сөөгү Ак-Буура суусунан табылган аялдын аты-жөнү такталганын ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин үч кызы менен агып кеткен 44 жаштагы Д.Н. экени аныкталган.
Эске салсак, жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Сел жалпы беш адамды агызып кеткен. Алардын ичинен төртөө бир үй-бүлөдөн, 44 жаштагы аял жана анын үч кызы болгон. Кечээ бир кызынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Учурда 350дөн ашык куткаруучу эки кыз менен базардан агып кеткен дагы бир аялды издеп жатат.
Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору жабык